КЕМПИР МУШТУМ
КЕМПИР МУШТУМ , б ө л т ү р ү к (Аnabasis) –
өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун уруусу.
Чала бадалча же көп жылдык чөп. Жалбырагы кыска, калың же майда түрпүчөдөй, тушташ жайгашат. Гүлү эки жыныстуу, 5 мүчөлүү,
жалгыздан же 2–6дан топтошуп, жалбырак
колтугунан орун алат. Мөмөсү – жемиштей.
Анын 30дан ашык түрү Испания м-н Түн. Африкадан Борб. Азияга чейин таралган. КМШ
өлкөлөрүндө 30га жакын, Кырг-нда 8 түрү өсөт.
О. Азиянын чөл ж-а адырларында, тоонун каксоо беттеринде кездешет. Айрымдарынын тоют ж-а дарылык мааниси бар.