КЕМБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)
КЕ́МБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ) – палеозой
заманынын башталышындагы мезгил. 1835-ж. англ. геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын лат. эски аты (Камбрия) м-н атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин башталып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку,
үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат.
Кембрийдин башталышында жер бетинин көп-
чүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай
чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстүү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде ж-а аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектон. түзүлүштөр (байыркы платформалар, байкал бүктөлүү циклинен келип чыккан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин ортосунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклиналдуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, интрузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышында скелеттүү организмдер: археоциаттар, гастроподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, брахиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобиттер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, балырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, О. Азия ж. б.) кеңири тараган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Иркут обл., Балтика бою), коргошун (Түн. Африка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кырг-н, Казакстан) кендери кездешет.
Ад.: Стратиграфия СССР. Т. 3. Кембрийская система/Под ред. Н. Е. Чернышевой. М., 1965; Розанов А. Ю. и др. Томмотский ярус и проблемы нижней границы кембрия. М., 1969; Жамойда А. П. Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы //Литосфера. 2005, ¹ 1 (22).