КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ
КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ – жер кыртышынын геол. өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң алгачкы мезгил; кембрий мезгилине чейин пайда болгон байыркы тектердин катмарлары. Азыркы күндөн 570–3500 млн жыл мурдагы геол. өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей ж-а протерозой замандарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклдери ж-а граниттешүү процесстери м-н аныкталат. К. ч. м-дин Эл аралык стратигр. ж-а геохронол. бирдиктүү шкаласы азырынча кабыл алына элек. Архей заманында пайда болгон тектер байыркы платформалардын астыңкы бөлүгүн (фундаментин) түзөт. Алар өтө метаморфизмделген тектерден (гнейс, амфиболит, мегматит, кристаллдуу сланец, кээде жеспилит, кварцит, мрамор ж. б.) турат. Андан кийин пайда болгон тектер байыркы платформалардын жабуусу болуп эсептелет. Мында өтө метаморфизмделбеген кристаллдуу сланецтер, кварцтуу кумдук, кварцит, чополуу сланец, филлит ж-а ар кандай жанартоо тектери орун алган. Тектердин арасында орг. калдыктар жокко эсе. Скелеттүү организм жолукпайт. Строматолиттер (көгүш жашыл балырлар), онколиттер (бактериялар), акретархтар, сабелидиттер, байыркы курттар (аннелиттер), медуза сыяктуулар кездешет. Темир, алюминий, марганец, алтын, мрамор, жез, никель, кобальт, коргошун, сейрек учуроочу металлдар ж. б. топтолгон. Тоо тектери бардык материктерде: Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түш. Кытай, Индстан, Түн. Америка, Түш. Америка, Африка, Австралия, Антарктида, Кырг-нда (Түн. ж-а Ортоңку Теңир- Тоодо) жолугат.
Ад.: Салоп Л. И. Общая стратиграфическая шкала докембрия. М., 1973; Семихагов М. А. Стратиграфия и геохронология протерозоя. М., 1974; Хаин В. Е., Божко Н. А. Историческая геотектоника: Докембрий. М., 1988; Хаин В. Е. Тектоника континентов и океанов (год 2000), М., 2001; Жамойда А. П. Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы//Литосфера. 2005. ¹ 1 (22).