КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ – инди-европа семьясындагы тилдер. Ага галл, келтибер, ирланд, мэн, гаэл (шотланд), валлий (кимр), корн ж-а бретон тил­дери кирет. Галл тилдери б. з. 5-к-на жакын, келтибер тили (Пиреней ж. а-нын батыш ж-а борб. бөлүгү) андан мурунураак жоюлган. Корн тилинде сүйлөгөндөр 18-к-дын аягына чейин жашаган. Мэн тилинде Мэн а-нда (Улуу Брита­ния) жашаган бир аз гана адам сүйлөйт. К. т. континент (галл, кельтибер), бритт (валий, корн, бретон) ж-а гойдел (ирланд, гаэл, мэн) бу­тагы деп үч топко бөлүнөт. Бритт бутагындагы тилдердин бөлүнүшү 6–8-к-га, гойдел бутагы 12– 13-к-га таандык. Акценттик факторлордун таа-


сиринде азыркы К. т-де акыркы муундар жою­ла баштаган. Ирланд тилинде аз болсо да жөндөмө сакталып калган.


Ад.: Королёв А. А. Введение в кельтскую филологию. 2-е изд. М., 2006.