КЕЛДИБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛДИБЕКОВ Ахматбек (15. 6. 1966, Ош обл., Алай р-ну, Сопу-Коргон кыш.) –

мамл. ж-а коомдук ишмер, КР Жогорку Кеңешинин төра­гасы (2010). КРдин эмг. сиң. экономисти (2007).
Воронеж (Россия) политех. ин-ту н (1990), К МУУну (1999), К МЮАны (2010) бүтүргөн. 1990–92-ж. Кыр­гыз ССР ИАга караштуу «Импульс» ил.-из. борборун­да инженер, улук инженер, 1992–93-ж. машина куруу ин-тунда директордун орун басары, 1993–94-ж. КРдин Экономика ж-а финансы министрлигинде башкы адис, 1995–98-ж. бөлүм башчы, 1998–2001-ж. башкармалыктын башчысы, 2001–02-ж. КР фи­нансы министринин орун басары, 2002–05-ж. КРдин пенсиялык фондунун төрагасы, 2008– 09-ж. КРдин Салык жыйноо ж-а чогултуу б-ча к-тинин төрагасы, 2009–10-ж. КР Өкмөтүнө ка­раштуу мамл. салык кызматынын төрагасы, 2010–11-ж. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин депу­таты (3- ж-а 5-чакырылыштары). Салык кыз­матынын 2-рангадагы (2009), Мамл. кызматтын 1-класстагы (2011) мамл. кеңешчиси. КМЮА-нын ж-а Бозок ун-тинин (Йозгат ш., Түркия) ардактуу проф. (2011). 2 монографиясы, 30дан ашык макаласы, 8 автордук күбөлүгү бар. «Даңк» медалы ж-а КМШнын «Шериктештик» ордени м-н сыйланган.