КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ – колония­лык бийликтин О. Азияга көчүп келген орус дыйкандарына конуш бөлүштүрүү үчүн уюшту­рулган атайын органы. К. б-н түзүү м-н падыша­лык бийлик агр. кризис учурунда ички рынок­ту толтуруу м-н мамл. казынаны байытып, Россиянын борб. губернияларына батпай жат­кан дыйкандардын талабын канааттандыруу­ну көздөгөн. 1902-ж. январда түзүлгөн атайын комиссия реформа долбоорун иштеп чыгып, дый­кандардын жамааттан чыгуусун тездетүү үчүн жер берүү, аларды Россиянын чет жакаларына (Сибирь, О. Азия) көчүрүү ж. б. маселелерди ка­раган. Алгач орус, немис, украин ж. б. келгин­дерди (кыргыздар «переселин» деп аташкан) жайгаштырууну жерг. админ. бийлик ишке ашырган. Түркстан крайында, айрыкча Жети- Суу обл-нда келгиндердин улам көбөйүшүнө бай­ланыштуу (19-к-дын аягында О. Азияга келген орус дыйкандарынын саны 100 миңге жеткен) «Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) ж-а Николай IIнин буйругуна (1905, март) ылайык Жети-Суу облусунда 1905-ж. 21-июл­да К. б. түзүлүп, башчылыгына О. Шкапский­дин дайындалышы м-н 1905-жылдан О. Азия­ны колониялаштыруунун жаңы этабы баштал­ган. 1907-ж. кабыл алынган «Кыргыздарды жерге жайгаштыруу» ж-а 1908-ж. «Жети-Сууну колониялаштыруунун тартиби жөнүндө» ток­том чыккандан кийин көчмөн элдер жашаган


жерлер мамл. менчик деп жарыяланып, жаз­доо, жайлоо, күздөө, кыштоо шарты эске алын­бай, келгиндерге берилген. 1907–15-ж. Пишпек уездине 4113 (Пржевальскиге 2537, Ошко 971, Нарынга 357) үй-бүлө жайгаштырылган. Коло­ниялаштыруу саясаты Кырг-ндын түндүгүндө өтө ырайымсыздык м-н жүргөн. 1914-жылдын 1-январына карата Пишпек, Пржевальск ж-а Нарын уезддеринде 79 кыштак түптөлүп, анда 80 783 орус, украин, немистер жашаган. Жер айылдык жамаатка берилген, салык жер аян­ты ж-а мал саны эмес, жан башына карап тө­лөнгөн. Айласын тапкандар жер фондусунун көп бөлүгүн менчиктештирип алган. Жерге мук­таж болгондордун көптүгүнөн падыша өкмөтү жерг. акимчиликтен «ашыкча» жер табууну талап кылган. 1909-ж. экономист-социалист П. П. Румянцев башында турган атайын статис­тикалык отряд түзүлүп, алардын милдети кат­талбай калган «ашыкча» жер аянтын табуу бол­гон. Көчмөн ж-а жарым көчмөн кыргыздар үчүн жер ээлөө ченеми иштелип чыгып, 1 291 305 теше «бош» жаткан жер (айдоо, чабынды, жа­йыт) келгиндер фондусуна сунушталган. Өкмөт­түн көчүрүү (б. а. кыргыздардын жерин тартып алуу) саясаты турмушка ашырыла баштаган. Жер ченөө, бөлүү учурунда чыр-чатак күчөп, К. б-нын жерг. өкүлдөрүнө нааразылык арбы­ган. Чүй өрөөнүнөн Шабдан баатыр, Дүр Соорон­баев, М. Мураталин сыяктуу манаптар Түркстан генерал-губернаторунун жерг. тургундардын ар түтүнүнө 40 тешеден жер берилсин деген көрсөт­мөсүнө карабай, К. б-нын чиновниктери ар кай­сы аянттан 1,5–2 теше айдоо ж-а жараксыз жер­ден 7 тешеге жетпеген үлүш берип жатышка­нын айтып арызданышкан. 1905–12-ж. Пиш­пек уездиндеги кыргыздар 651 773 теше жери­нен ажыраган. 1916-ж. Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орус, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%ин ээлеп калган. Кыргыздардын жерлеринин күч м-н келгиндер­ге берилиши 1916-ж-дагы көтөрүлүштүн (к. Үр­күн) чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүш басыл­гандан кийин генерал-губернатор Куропаткин жетектеген өкмөттүк кеңештин чечими м-н кыр­гыздар Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал өрөөн­дөрүндөгү тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүлгөн. К. б. Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.


Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 3. СПб. 1906; Сапелкин А. А. Аграрные отношения в Киргизии в начале ХХ века (1900– 1917 гг.). Ф., 1977; Джамгирчинов Б. Д. История Киргизской ССР. Ф., 1983; История Киргизской ССР. Т. 2. Ф., 1986; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Ахмеджанов Г. А. Российская империя в Центральной Азии (История и историография колониальной политики царизма в Туркестане). Таш., 1995; Румянцев П. П. Уезды Жетысу. А., 2000.

Э. Турганбаев.