КЕКИРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИРЕ (Acroptilon repens) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Са­багы бутактуу. Топ гүлү кызгылт түстө, евразия­лык 2 түрү бар. Төшөлмө түрү көп кездешет. Европа, Кавказ, Батыш Сибирь, Азиядан Моң­голияга чейин таралган. Талаа, аңызда, жол жээгинде, короо айланасында өсөт. Сабагынын бийикт. 30–60 см, гүлү майда. Тамыры өзөк ж-а майда каптал тамырчалардан турат. Тамы­рынан көбөйөт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Мал андан уугат. Айрыкча пахта талаасында көп өсүүчү чөп.