КЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕК (англ. cake – катуулануу) – суспензияны чыпкалоодон чыккан катуу бөлүкчөлөр же кен­ден, о. эле ө. ж. продуктуларынын баалуу ком­поненттерин эритип алгандан кийин калган кал­дык. Анда 12–20% ным болот. Суусу сарык­тырылып, катуу абалга чейин кургаткандан кийин гана жер семирткич катары пайдала­нылат. Эгерде К-тин курамында уулуу заттар (мис., оор металлдар) арбын болсо, көмүлүп са­лынат.