КВЕРШЛАГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВЕ́РШЛАГ – жер бетине чыгууга түз жол жок болгон учурда, узатасынан созулуп жаткан кен катмарды бойлой кеткен, тоо тектерде жүргүзүл­гөн казма. Түз же эңкейиш казылат. Кен кат­марына барып такалат же кесип өтөт. К. кенди казып алуу, ташуу, жумушчулардын ары-бери жүрүшү, шахтанын ичин желдетүү, жер астын­дагы сууларды агызуу үчүн колдонулат. Кенди толук казып бүткөнчө ар кандай кырсыктар­дан сактануу үчүн жыгач, темир, темир-бетон, бетон тирөөчтөр м-н бекитилет.