КВАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАС – кара буудай унуна же кургатылган на­нына кара буудай ж-а арпа угутун, кант ж-а суу кошуп ачытуудан алынган суусундук; ал­коголсуз ичимдик. К-тын курамында табигый көмүр кычкыл газы м-н сүт к-тасы бар. Алар К-тын даамын бир аз кычкылдантып, адамдын организмине керектүү витамин, көмүртек ж-а микроорганизмдерди пайда кылат. 1 л К. 840– 300 кДж энергия берет. К. даярдоодо арпа, та­руу, жемиш, бал, кант ж-а түрдүү жыттуу чөптөр, өсүмдүк тамыры колдонулат. Аны жа­соо К. ширесин даярдоо, ачытуу, купаждоо, идишке куюу иштеринен турат.