КВАРТЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАРТЕ́Т (лат. quartus – төртүнчү) – 1) төрт аткаруучудан (аспапчылардан же вокалист­терден) турган ансамбль. Аспаптык К. кылдуу, тартма, үйлөмө жыгач, үйлөмө жез аспаптар­дан турган бир беткей, о. эле аралаш болушу мүмкүн. Курамы эркектерден же аялдардан (соп­рано, альт, тенор, бас) турган ж-а аралашма во­калдык К-тер да болот; 2) 4 аспап же 4 ырчы үчүн жазылган муз. чыгарма. Аспаптык К-те не­гизинен ансамблдик-камералык музыка басым­дуу орун ээлейт. Алар көбүнчө соната түрмөгүндө жазылган чыгармалар. Айрым операларда, ора­торияларда да К. кездешет.