КВАНТТЫК ТЕОРИЯ
КВАНТТЫК ТЕОРИЯ – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физ. теория. Ал кванттык механика, кванттык статистика ж-а кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун ж-а жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө К. т-ны түзүүгө алып келген. К. т-нын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк м-н Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924-ж. фр. физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар М. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон ж-а Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. К. т-да материянын туруктуулугу ж-а өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү ж-а үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. К. т-да микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын ж-а убакыттын бир катар функциялары [\1(x, y, z, t] аркылуу жазылат (к. Толкун функциясы). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) ж-а импульс (р). К. т-да закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар м-н эмес, абстракттуу матем. түшүнүктөр – операторлор м-н белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, б. а. материянын корпускулалык (дискреттүү) ж-а толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.
Ад.: Шаршекеев О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001.