КВАНТТЫК ТЕОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК ТЕОРИЯ – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын ж-а өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физ. тео­рия. Ал кванттык механика, кванттык статис­тика ж-а кванттык электрдинамика бөлүм­дөрүн камтыйт. Электрондордун ж-а жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө К. т-ны түзүүгө алып келген. К. т-нын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондор­дун таралуусу б-ча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк м-н Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун квант­тык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо м-н иш жүзүнө ашат. 1924-ж. фр. физик Луи де Бройль бө­лүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышка­ры дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар М. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон ж-а Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. К. т-да мате­риянын туруктуулугу ж-а өзгөрмөлүүлүгү, дис­креттүүлүгү ж-а үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. К. т-да микробө­лүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын ж-а убакыттын бир катар функциялары [\1(x, y, z, t] аркылуу жазылат (к. Толкун функциясы). Эр­кин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) ж-а импульс (р). К. т-да закондор­дун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар м-н эмес, абстракттуу матем. түшүнүк­төр – операторлор м-н белгилениши. Классика­лык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, б. а. материянын корпускулалык (дискреттүү) ж-а толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.


Ад.: Шаршекеев О. Ш. Квант теориясы. Б., 2001.