КВАНТТЫК ОПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНТТЫК О́ПТИКАстатистикалык опти­канын бөлүмү; ал жарык талаасынын мик­ротүзүлүшүн ж-а жарыктын кванттык табияты көрүнгөн оптикалык кубулуштарды изилдейт. Нурлануунун кванттык түзүлүшү ж-дөгү көз карашты 1900-ж. немис физиги М. Планк кир­гизген. К. о. жарыктын турактуу касиетин ж-а жарык нерселер аркылуу таралган учурда алар м-н болгон аракетин, жарык талаасынын аба­лын изилдейт. 1960-жылдары түрдүү физ. объек­тилерде лазерлер пайда болгон. Лазерге чейин­ки жарык булактары чуулуу генераторго окшош болгондуктан, жарыктын турактуу касиетин изилдөөгө мүмкүн эмес эле. Ал эми заттар же нерселер аркылуу таралганда, алардын бөлүк­чөлөрү кошумча фотондорду пайда кылат, фо­тондор жарык талаасынын физ. чоңдугун өз­гөртөт, жарык о. эле кабылдагыч эсептегичтер үзгүлтүктүү түрдө ж-а кокусунан кабылдагыч процесстерге ээ. К. о-нын негизги маселелерин аныктоо үчүн талаанын кванттык теориясы колдонулат.


Ад.: Скалли М. О., Зубайри М. С. Квантовая оптика.
М., 2003.