КВАНЖУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНЖУ́ – Корей Респ-нын түш.-батышында­гы шаар. Йонсанган түздүгүндө, Сеулдан 320 км түштүктө жайгашкан. 1986-жылдан шаар ай­ланасы м-н провинциянын деңгээлиндеги ста­туска ээ. Калкы 1,3 млн (2008; шаар айланасы м-н 1,6 млн). Жолдор тоому. Метрополитен (2004) иштейт. Алгач Корё мамлекетин негизде­ген король Ван Гон бийлеген мезгилде 940-ж.


эскерилген. 1948–2005-ж. Чолла-Намдо про­винциясынын адм. борбору болгон. Шаар агло­мерациясынын чыгыш бөлүгүн Мудынсан пар­кы ээлейт. Анын этегинде будда храмдары жай­гашкан. К. өлкөнүн ири ө. ж. борбору. «Kia Motors» компаниясынын автомобиль з-ду (жы­лына 350 миң), аккумулятор батареялары, элек­троника приборлорун ж-а алардын компонент­терин өндүрүүчү, текстиль (кебез-кездеме), та­мак-аш (а. ч. азыктарын белендейт ж-а сактайт) ө. ж. ишканалары иштейт. Тогуз ЖОЖ (а. и. улуттук, пед. ж-а жеке менчик), музейлер (а. и. улуттук, көркөм ж. б.), мемориалдык парк бар. А. ч-луу аймактын ири борбору. Шалы, курма өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Шаардан 50 км түн.-батышта «Йонгван» АЭСи (Азияда­гы эң ири; кубаттуулугу 5900 МВт) курулган.