КВАДРАТТЫК ОРТО САН
КВАДРАТТЫК ОРТО САН – каалагандай n, б. а., а1, а2, ..., аn сандарынын квадраттарынын арифм. орто санынан алынган квадраттык тамырга барабар сан, б. а. ал d= (a1 + a 2 + ... + a n n 2 22 ) / , мында n–2. К. о. с. алгебра, геометрия, матем. анализде (талдоодо) эле эмес, өлчөө-ченөө жыйынтыктарын эсептеп чыгууда статистикада да, ыктымалдуулук теориясында да (ушулардан К. о. с-дын аталышы келип чыккан) колдонулат.