КАШКА-ТЕРЕК
КАШКА-ТЕРЕК – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун боюнда, деңиз деңг. 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 27 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 25 км. Кыштак 1896-ж. негизделген. Калкы 1007 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.