КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ
КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ – мезолит (б. з. ч. 12–7-миң жылдык) ж-а неолит (б. з. ч. 7–4-миң жылдык) доорлоруна таандык археол. эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун сол тарабында жайгашкан. 1997-ж. КУУнун археология ж-а этнология кафедрасынын археологдору казып, изилдеген. Казуу убагында боюнун уз. 1,92 м келген жоокердин сөөгү, сөөктөн жасалган камчы сап, ээрдин калдыгы, малдын омурткасынан жасалган басмайылдын тогоосу, таш куралдар, бычак, кыргыч, курал жасоочу таш чабындылар, жука, кичине нуклеус, чопо идиштер, о. эле б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченине таандык сабы сөөк мед. аспап сымал буюм табылган.