КАШКА-СУУ (Аксы районундагы кыштак)
КАШКА-СУУ (1932-ж. чейин Ж а й-Д ы й к а н) – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Байтик айыл округуна караштуу. Кашка-Суу капчыгайында, Ала-Арча суусунун боюнда, деңиз деңг. 1230 м бийикте жайгашкан. Райондун
борбору Лебединовка кыш-нан 48 км түн.-батыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 1010 (2010); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар.