КАШКА-СУУ ( Чоң Алай районундагы кыштак)
КАШКА-СУУ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 2680 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыш-нан 44 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 240 км. Калкы 3019 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, АТС, оорукана, соода түйүндөрү иштейт.