КАР
КАР – атмосфералык жаан-чачындын ар түрдүү формадагы муз кристаллдарынан турган түрү. Кар негизинен 6 бурчтуу жылдызча түрүндө болуп, булуттан темперетура 0°Сден төмөн болгон кезде жаайт. Мелүүн ж-а жогорку кеңдиктерде кар – кар катмарын пайда кылуучу типтүү кышкы жаан. Кардын түшүү көлөмү кар ченегич м-н өлчөнөт, к. Кар кристаллдары.