КАПРОЛАКТАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПРОЛАКТА́М – i:-аминкапрон кислотасынын лактамы. Ак түстөгү кристалл; бат эрүү t 68–70°С, кайноо t 262°С; сууда ж-а органикалык эриткичтерде (спирт, эфир, бензол, хлороформ) жакшы эрийт. O CH –CH –C 2 2

CH2–CH2–CH2 капролактам циклдүү амид e-аминкапрон кислотасын эрүү температурасынан (210–220°С) жогору ысытуудан алынышы мүмкүн. Кислотата ж-а щелочтун суудагы эритмесинде e-капрон кислотасына чейин гидролиз­денет. Капролактам аз өлчөмдөгү суунун, спирттин, амин­дердин, органикалык кислоталардын ж. б. бирикмелердин катышуусу м-н жогорку температурада (250–260°С) полимерлешип, «капрон» буласы алынуучу по­лиамид чайырын пайда кылат. Капролактамды фенолдон синтездөө ыкмасы кененирээк таралган. Капролактам не­гизинен полиамид пластмассаларын, плёнкала­рын, булаларын ж-а лизинди алууда колдо­нулат.