КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ
КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Кичи Нарын ж-а Сары-Күнгөй (Оорук-Там) м-н Кара-Саз, Солтон-Сары ж-а Көк-Торпок тектоникалык өрөөндөрүнүн аралыгында. Нарын районунун аймагында. Узундугу 40 км. Эң жазы жери 10 км.
Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4146 м (Кара-Кыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төмөнкү палеозойдун гранити басымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.- чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун белинде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түндүк бетинин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45–60°, капчыгайлуу. Түндүк капталына токойлуу ж-а шалбаалуу талаа (2600–3600 м бийикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түштүк бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, тулаңдуу. Жайыт.