КАПИТОЛИЙ
КАПИТО́ЛИЙ (латынча Capitolium, Capitolinus mоns) – 1) Байыркы Рим жайгашкан дөбөлөрдүн бири. Капитолий байыртан эле динге сыйынуучулардын борбору болгон. Мында Капитолий чиркөөсү жайгашып, сенат кеңешмелери, элдик чогулуштар өткөрүлгөн. Капитолийдин түштүк-батышындагы жардуу жантаймаларынан (Тарпей зоокалары) кылмышкерлерди ыргытышкан; 2) Вашингтондогу Америка Кошмо Штаттарынын конгрессинин имараты. 1793–1865-жылдары салынган (архитекторлору – У. Торнтон, Б. Латроб, Т. Уолтер). Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын борборлорунда жергиликтүү мыйзам чыгаруучу ассамблеялардын чогулуштары өтүүчү имараттар да Капитолий деп аталат.
