КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТА́Л (англ. capital – башкы) – 1) өндүрүш­түн капиталисттик ыкмасына таандык экономикалык мамилелердин жыйындысы; 2) ишкердик– ком­мерциялык ж-а ишмердиктин башка түрүнүн натыйжасында кошумча нарк пайда кылуучу нарк; 3) бизнесте пайдаланылуучу жалпы ре­сурстар; 4) жеке адамдын же юридикалык жактын активдеринин милдеттенмелердеги сумманы алып салгандан кийинки накта наркы; 5) ком­паниянын мүчөлөрү (пайщиктери) тарабынан чарбалык ишмердикке пайдалануу үчүн берил­ген сумма; 6) ассоциация жөнүндө меморандумда (компания түзүү тууралуу макулдашуу) белги­ленүүчү ж-а уставдык– номиналдык же каттал­ган капиталды түшүндүрүүчү сумма.