ДЕЛЮВИЙ
ДЕЛЮ́ВИЙ (латынча deluo – жууйм), д е л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү – жаан-чачын суулары менен агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ылдый кулап, тоо этегине жыйналган борпоӊ тоо тек шилендиси. Делювийдин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштардын өлчөмү ар кандай, петрографиялык курамы делювийдин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоо тектерге байланыштуу. Делювийде көбүнчө алтын, калай, вольфрам ж. б. металлдардын чачынды кендери болот. Делювий чополору кыш даярдоодо кеӊири пайдаланылат, к. Чөкмө тоо тектери.