ДЕЖНЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЖНЁВ Семён Иванович (1605-жыл чен, Двина уезди – 1673, Москва) – орус жер кезүүчүсү жана уюлдук деӊиз сүзүүчү. Стадухин жана башкалар менен бир­ге Сибирдин эӊ түндүк чети Оймякондо болгон. 1643-жылы Индигирка дарыясы аркылуу сүзүп, Колыма дарыясынын чатынан Тынч океанга чейин барган. Азия менен Американын ортосундагы кысыкты, Чукотка жарым аралын (анын табиятын, калкын сүрөт­төп жазган) жана Анадырь булуӊун ачкан. Дежнёв 1648-жылы Ф. А. Поповдун экспедициясына ка­тышкан. Алгачкылардан болуп Чукотка жана Беринг деӊизине барган. Ага 1665-жылы казак-орус атаманы чини берилген. Азиянын түндүк-чыгыш четиндеги тумшук жана Беринг деӊизиндеги бух­та Дежнёвдун ысмынан аталган.