ДАРЫЯ АЛАБЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРЫЯ АЛАБЫ – дарыя жана анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфера­лык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын фор­масы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.

С. Аламанов.