ДАРЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРЫЯ , д а й р а, ө з ө н, с у у – жаан-­чачын, мөӊгү жана бу­лактардан топтолгон суунун өзү калыптан­дырган нук менен таби­гый үзгүлтүксүз агы­мы; чоӊ өзөн суу. Дарыянын пайда болушу климаттык, орографиялык жана геоморфологиялык шарт­тарга байланыштуу. Дарыя алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереӊдиги, суусунун деӊгээли, ылдамдыгы, чыгы­мы жана башкалары менен мүнөз­дөлөт. Ортоӊку кеӊдиктерде жаан-ча­чындын өлчөмү 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700 – 1000 ммге жет­кенде гана дарыя пайда болот . Дарыянын ка­лыптанышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. Дарыя алабы) жана нук өтүүчү жер­лердин эӊкейиштиги зарыл. Дарыянын башта­лышы – башат, бүт­көн жери (океан, деӊиз, көл, башка дарыяга куйган жери) чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап кал­ган тайыздык – сай­роон, суу ташыган­да жайпаган жээктеги түзөӊ – жайылма, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип ко­шулган суулар – куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече кмден миӊдеген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты миӊдеген км2ге жетет. Дүйнөдөгү эӊ узун Дарыя – Нил (узундугу 6671 км), Евразияда – Янцзы (узундугу 5800 км), КМШда – Обь (узундугу Иртыш дарыясы менен 5570 км). Дүйнөдөгү суусу эӊ мол Дарыя – Түштүк Америкадагы Амазонка. Кыргызстандагы эӊ узун Дарыя – Чүй (жал­пы узундугу 1030 км), эӊ чоӊ жана суусу молу – На­рын.

Дарыя жер бетиндеги суунун айлануусунда негиз­ги ролду ойнойт. Бир жылда агып өткөн дарыя суу­ларынын өлчөмү 41 700 км3ге жетет, бул кур­гактыкка түшкөн жаан-чачындын 35%ин түзөт.

Д ү й н ө д ө г ү и р и д а р ы я л а р
К ы р г ы з с т а н д а г ы и р и д а р ы я л а р

Жер шарындагы нымдуу жана тоолуу аймактар­дагы дарыя суусу мол болсо, ысык жана чөлдүү ай­мактарда өтө аз болот.

Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялар­дын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы үчүн мааниси өтө чоӊ. Кээ бир дарыялар кеме жү­рүүгө, сал агызууга пайдаланылат; суу сакта­гычтар, ГЭС ж. б. курулат; өнөр жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кар­малат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак күр­дүү болгондуктан, мол түшүм алынат. Айрым Дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, пла­тина, алмаз, касситерит, рутил ж. б. баалуу ме­таллдардын чачынды кендери болот.

Ад.: Чеботарев А. И. Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; Апполов Б. А. Учение о реках. М., 1963; Шульц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965.

С. Аламанов.