ДАНКОВ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАНКО́В ЧОКУСУ Какшаал тоо тизмегинде. Бийиктиги 5982 м. Үзөӊгү-Кууш суусунун оӊ куй­масы – Чоӊ Туура-Суунун төрүндө жайгашкан. Чоку кесилген конус формасында. Силур, де­вон мезгилдеринде пайда болгон акиташ тоо­ тектеринен турат. Түбөлүк кар менен мөӊгү каптап жатат. 19-кылымдын 70–80-жылдарында Кыргызстандын жерин картага түшүрүүгө катыш­кан орус топографы С. Д. Данковдун ысымы менен аталган.