КАНОН (көркөм өнөрдө)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНО́Н (грекче kanоn – норма, эреже– чен-өлчөм) – көркөм сүрөт өнөрүндө – көркөм чыгарманын колорит жана композиция нормаларын – анын пропорциялар системасын же иконографияны белгилөөчү так калыптанган эрежелердин жы­йындысы. Ал ошондой эле нормативдик үлгү болуп кызмат кылган чыгарма деп да аталат. Канондун теориялык негизин байыркы грек айкелчиси Поли­клет «Канон» аттуу чыгармасында (биздин заманга чейинки V кылым) иштеп чыккан. Алгачкы Канон адам денесинин про­порцияларынын төп келишкен үлгүсүн түшүндүргөн. Динге байланышкан канон системасы Чы­гыштын, Африканын, Американын байыркы маданиятында, Европанын жана Азиянын орто кылым искусствосунда кеңири тараган. Канон көркөм чыгар­манын сан-түзүмдүк модели болуп эсептелет; музыкада – обон (бир же бир нече) өзү менен өзү контрапункт түзүүчү полифониялык форма. Техникалык жактан көбүнчө тууроого негизделет. Канон добуш­тарынын саны чектелбегендигине карабастан 2–4 үндүү болот.