КАНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НО – Нигериянын түндүгүндөгү шаар. Кано штатынын административдик борбору. Калкы 4,3 млн (2022); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Лагос, Ибадандан кийин). Ири жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Болжол менен IX кылымда негиз­делген. Курми рыногу (XVI кылым; Батыш Африка­дагы эң байыркы), университеттер, коллеж, Нигерия полиция академиясы, китепканалар, музейлер бар. Кол өнөрчүлүктүн (эмалданган идиштер, темир жана күмүш буюмдар жасалат, тери ийле­нип, сафьян беленделет, кездемелер боёлот) ири борбору. Металл иштетүү, тамак-аш (май, эт), химия, текстиль, цемент жана башка өнөр жай ишканала­ры иштейт. Зоопарк уюштурулган.