КАРМЕН
КАРМЕ́Н Роман Лазаревич [16 (29). 11. 1906, Одесса – 28. 4. 1978, Москва] – советтик кинорежиссёр, сценарист, журналист, даректүү кинонун оператору, СССРдин эл артисти (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976), Азербайжан ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1959).

Москва мамлекеттик кинематография институтунун оператор бөлүмүн бүткөн (1932). 1920-жылы «Вечерняя Москва» гезитинде, «30 дней», «Огонёк» журналдарында фотокорреспондент жана (даректүү) кинодо иштеген. 1932–1935-жылдары «Союзкиножурналды» чыгарууда ыкчам репортаждарды, портреттик очерктерди даярдаган жана монтаждаган («Үйдө», «Анна Масонованын отчёту», «Негр Робинсон – Моссоветтин депутаты» жана башкалар). 1936-жылы Испанияга (интернационалдык бригадалардын катарында салгылашып, кино да тарткан), кийин Кытайга барган. Тарткан материалдарынын негизинде Испаниядагы окуялар тууралуу (20 чыгарылыш, 1936–1937), «Кытай күрөштө» (3 чыгарылыш, 1938) киножурналдары, ошондой эле «Испания» (режиссёру Э. И. Шуб), «Кытайдын өзгөчө району» (режиссёру М. Я. Слуцкий), экөө тең – 1939, «Кытайда» (1941, режиссёру, оператор жана тексттин автору Кармен) жана башка тасмалар жаралган. Слуцкий менен бирге көлөмдүү, татаал техникалык даректүү тасмаларды («Седовчулар», 1939; «Жаңы дүйнөнүн бир күнү», 1940) тартууга жана монтаждоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронттук кинооператор катары «Москванын жанында немец армиясын талкалоо» (1942), «Берлин» (1945) жана башка тасмалар үчүн материал жыйнаган. 1946-жылы Нюрнберг процесси жөнүндө «Элдин өкүмү» тасмасын тарткан. «Каспий нефтичилери жөнүндө повесть» (1953), «Деңизди багындыруучулар» (1959) тасмалары Лениндик сыйлыкка арзыган (1960). «Вьетнам» (1955), «Индия таңы» (1956), «Алоолонгон арал» (1961), «Улуу Ата Мекендик» (2 сериялуу, 1965), «Гренада, Гренада, Гренадам менин» (К. Симонов менен бирге, 1968), «Жолдош Берлин» (1969), «Алоолонгон континент» (1972), «Чили: күрөштүн жана тынчсыздануунун убагы» (1973), «Камарадос» (1974), «Корваландын жүрөгү» (1974) жана башка тасмалары бар. Ошондой эле биринчи советтик-америкалык «Улуу Ата Мекендик» даректүү долбоорду жетектеген (1979, 20 тасма; Кармен – «22-июнь 1941» жана «Белгисиз солдат» тасмаларынын режиссёру). Даректүү кино жөнүндөгү көптөгөн публицистикалык жана тарыхый-теориялык макалалардын автору. 1970-жылдан азыркы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография университетинде (ВГИК) профессор, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1942, 1947, 1952, 1975). Эки Ленин ордени менен сыйланган.
Ад.: Р. Кармен в воспоминаниях современников.
М., 1983.