ЖОЛБУНОВА Зуура Керимбековна
ЖОЛБУНОВА Зуура Керимбековна (1960-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Ленинск айылы) – медицина илимдеринин доктору (2015). И. К. Ахунбаев атындагы КММИи бүтүргөн (1984). Эмгек жолун СССР МИАнын Педиатрия институнда (Москва шаары) клиникалык ординатор болуп баштаган. И. К. Ахунбаев атындагы КММИде аспирант, кафедрада ассистент, доцент, кафедра башчысы. Бардыгы 93 илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 ойлоп табуу патенти, 2 рационалдык сунуштары жарык көргөн. Эмг.: Применение антигипоксантов ( актовегин, кортексин) у детей отеком головного мозга при различных инфекционных заболеваниях // Исследования, результаты.–Алматы, 2012.–№ 1 (2) –С. 67-71.