ЖАНАЛИЕВ Болотбек Рахманович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Created page with "'''ЖАНАЛИЕВ  '''Болотбек Рахманович (1961-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы  району, Кашка-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору  (2003).  И.К Ахунбаев атындагы КММИни бүтүрг'''о'''н (1984). Эмгек жолун КММИде ассистент болуп баштаган. Ошол эле жерде улук мугалим; М...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЛИЕВ  Болотбек Рахманович (1961-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы  району, Кашка-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору  (2003).  И.К Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргон (1984). Эмгек жолун КММИде ассистент болуп баштаган. Ошол эле жерде улук мугалим; Москвадагы И. М. Сеченов атындагы медицина академиясында  аспирант, докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык  патологоанатомия бюросунун начальниги;  Б. Н. Ельцин атындагы  КРСУда профессор. Бардыгы 35 илимий эмгектери, анын ичинде  2 окуу-методикалык   сунуштамасы жарык көргөн. Эмг.: Туберкулез легких по данным аутопсийного материала РПАБ\\ Universum.  Медицина и фармакология/ –2016/ –№11 (33). –С. /  11.–15.