КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Created page with " '''КАДЫРАЛИЕВ''' Таалайбек (07.08.1968-ж.т. Нарын обл., Нарын ш.) –ь  спортчу (бокс),  ССРдин спорт чебери, эл аралык спорт чебери,КРдин эмг. сиңирген спорт чебери. КРдин  көп жолку чемпиону  (1990–2000). 1987, 1989, 1990-жж. СССРдин  Куралдуу күчтөрүнүн  биринчилигинде үч жолу эки...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек (07.08.1968-ж.т. Нарын обл., Нарын ш.) –ь  спортчу (бокс),  ССРдин спорт чебери, эл аралык спорт чебери,КРдин эмг. сиңирген спорт чебери. КРдин  көп жолку чемпиону  (1990–2000). 1987, 1989, 1990-жж. СССРдин  Куралдуу күчтөрүнүн  биринчилигинде үч жолу экинчи орунду  ээлеген. 1988-ж. Алматыда   өткөн СССРдин  Куралдуу күчтөрүнүн  чемпионатында алтын металь уткан.  1983-ж. КМШнын  жаштар оюндарында коло металга, 1993-ж.  Шериктеш өлкөлөрдүн  алтын медалына  ээ болуп, чемпион аталган.  1994-ж. Бангкокдо өткөн Дүйнө кубогунда коло, 1999-ж.  Ташкентте өткөн Азия чемпионатында  күмүш  медалга ээ болгон.  1999-ж. Борб. Азия  оюндарынын чемпиону аталган. Эл аралык турнирлердин  бир нече жолку  жеңүүчүсү. Д. Шопоковду  эскерүү эл аралык мелдештерде 8 ирет баш байгени жеңип алган.  2000-ж. Сиднейдеги (Австарлия) жайкы олимпиадага катышкан. 2002-ж. Пусанда ( Түш. Корея) өткөн 14-Азия оюндарында коло медалга ээ болгон. Учурда бокс б-ча улуттук команданын ага машыктыруучусу. Устаты КРдин эмг. сиң. машыктыруучусу – У. Үмөтбеков.