КАН-ТЕҢИР ТОО ТООМУ
КАН-ТЕҢИР ТОО ТООМУ , М у з - Т о о Борбордук ж-а Чыгыш Теңир-Тоонун, негизги бөлүгү Кыргызстандын, чыгыш жагы ж-а түштүк капталдары Кытайдын, түндүк капталдары Казакстандын аймагында. Батышынан Сары-Жаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары м-н чектешет. Узундугу 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң км2ден ашык. Батышында Меридиан кырка тоосуна такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоо-

лор: Тескей Ала-Тоо, Адыр-Төр тоосу, Сары-Жаз кырка тоосу, Теңир-Тоо, Эңилчек кырка тоосу, Кайыңды кырка тоосу, Көйкап тоосу, Май-Баш тоосу, Боз-Кыр кырка тоосу; чыгышында: Калык-Тоо, Сайкал ж. б. Мында Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү – Жеңиш (7439 м) ж-а Кан-Тоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орточо бийиктиги 3500 м. Рельефтин жогорку ярусу басымдуулук кылат. Неогендин башталышынан азыркы мезгилге чейинки кыймылдын негизги багыты – көтөрүлүү.
Неогенге чейинки түздүктөр азыр 3000–3500 м бийикте тектирленген түздүк түрүндө сакталган (сырт). Өрөөндөр негизги структураларга жараша кеңдик боюнча жайгашкан. Негизинен протерозойдо ж-а төмөнкү палеозойдо пайда болгон мраморлошкон акиташ теги, кристаллдык ж-а чополуу сланец, мрамор ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит тектеринен турат. Чет-жактарында неогендин кызгылт тектери да кездешет. Климаты кескин континенттик, бийиктеген сайын өзгөрөт. Жаан-чачын да ар жеринде ар кыл. Меридиан кырка тоосунун батыш капталында жылдык жаан-чачыны 1000 ммге чейин болсо, Эңилчек өрөөнүндө 250 мм гана жаайт. 3000 км2 жери же жалпы аянтынын 30%и мөңгү м-н капталган. Ири мөңгүлөрү: Түштүк Эңилчек (узундугу 59 км, аянты 613 км2); Түндүк Эңилчек (39 км, 203 км2), Кайыңды (26 км, 107 км2), Адыр-Төр (20 км, 75 км2), Семёнов (21 км, 74 км2). Кытай тарабында Темир-Суу, Сайкал, Түндүк ж. б. мөңгүлөр бар. Сууларынын көбү Таримдин алабына таандык; ирилери: Сары-Жаз, Түн. Текес, Түштүк Темир-Суу. Ландшафты бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт. Түштүк капталынын этектерине чөл ж-а жарым чөл, андан жогору кургак талаа ж-а талаа, ички өрөөндөрүндө ж-а түндүк капталында токой, андан бийик субальп, альп, шалбаа ж-а субнивалдык гляциалдык-нивалдык суук ландшафттар жайгашкан. Жаныбарлары: тоо эчки, аркар, аюу, илбирс ж. б. Бул аймакты эзелтен кыргыздар мекендейт. Аты тоонун өтө бийиктигине байланыштуу пайда болгон: «теңирдин (асмандын) каны (падышасы)»; «асман мелжиген тоо» маанисинде. Экологиялык жактан Теңир-Тоонун эң таза жана рельефи татаал аймагы.