КАН ТОПТОРУ
КАН ТОПТОРУ – бир биологиялык түргө кирүүчү (киши, жылкы, маймыл ж. б.) организмдердин канынын биохимиялык өзгөчөлүктөрү. Бул өзгөчөлүк эритроцит белокторунун түрдүү түзүлүшүнө байланыштуу. Адамдын каны иммунологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу жынысына, жашына, расасына карабастан, 4 топко бөлүнөт. Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А ж-а В фактор (антигендер, агглютиногендер), кан плазмасында а ж-а в факторлорунун (агглютининдер) болушу м-н аныкталат. Кээ бир кишилердин эритроцитинде А ж-а В агглютиноген болбойт, ал эми плазмада а ж-а в агглютинин болот. Булар I топко (0ав) жатат. Каны II топко кирген кишилердин эритроцитинде А агглютиноген, плазмасында в агглютинин болот (Ав). Айрым адамдардын эритроцитинде В агглютиноген болуп, плазмасында а агглютинин болсо (Ва) III топко кирет. IV топтогу кандын эритроцитинде АВ агглютиногендер болуп, плазмада агглютинин болбойт (АВ0). Эгерде А агглютиноген агглютинин м-н же В агглютиноген в агглютинин м-н кошулса, эритроциттер бири бирине жабышып (агглютинация), андан ары эрийт (гемолиз). Мындай реакция башка топтогу кан куюлганда жүрөт. Кан куюуда кан топторун аныктоонун мааниси чоң. 1-топтогу канды өзүнө окшош канга, ошондой эле башка үч топтогу канга (II ,III, IV); 2-топтогу канды өзүнө окшош канга ж-а III, IV топтогу канга куйса болот. 3-топтогу кан өзүнө окшош канга ж-а IV топтогу канга куюлат. I-топтогу кан бардык топтогу канга куюга мүмкүн болгондуктан, универсалдык д о н о р деп аталат. Ал эми IV топтогу кан өзүнө окшош топтогу кандан башка топтогу кандарга куюуга жарабайт; ага башка топтогу (I, II, III) кандын баары куюлат. Ошондуктан алар универсалдык р е ц и п и е н т деп аталат. Кишилердин 85%инин эритроцитинде антигендер (Rh – фактор) болуп, 15%инде болбойт. Rh–фактор барлар резусу – оң, жоктору – резусу терс деп аталат. Резусу оң атадан резусу терс эненин боюна бүтсө, түйүлдүктүн атадан тукум кууган антигенинин таасиринен эненин организминде, антитело пайда болуп, түйүлдүктүн эритроцитин бузат (гемолиз). Мындай резус сыйышпастык резусу оң канды резусу терс кандуу кишиге кайталап куйганда да байкалат.