КАН СЕРПЕНТИНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН СЕРПЕНТИНИ́Т КЕНИ Баткен облусунун Ка­дамжай районунда, Кан шаарчасынан 15 км чы­гышта, Алай кырка тоосунда, деңиз деңгээлинен 1000–1300 м бийикте. 1955-жылы изилденген. Серпенти­нит Кан кенташ талаасынын ультранегиздүү тектери м-н туташ жатат. Узундугу 8 км, туурасы 2 км, тереңдиги 400 мге чейин. Бардык иликтелген сынамыктарда МgОнун орточо өлчөмү 33%ти түзөт, зыяндуу кошундунун (фторлуу каль­цийдин) жоктугу анын сапатын жогорулатат. С2 категориясы боюнча серпентиниттин запасы 21 млн r, МgОго эсептегенде 7 млн r.