КАН ЖОЛ
КАН ЖОЛ – эки аймакты, шаарларды, өлкөлөрдү ж. б. байланыштырып турган, унаа көп жүргөн негизги чоң жол. Мисалы, Кыргызстандагы Бишкек –Торугарт, Бишкек – Ош ж. б. автомобиль жолдору.
Кыргызстанда терминдин 1-компоненти кошулган оронимдер да бар, мисалы, Кан-Тоо, Кан-Теңир тоо тоому ж-а чокусу, Кан-Жайлоо мөңгүсү ж. б.