КАЙНАЗАРОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНАЗАРОВА Зууракан (1902-жылы туулган, Сокулук району, Жыламыш кыштагы –1982, ошол эле район, Бе­лек кыштагы) – айыл чарба өндүрүшүнүн новатору; эки жолку Социалисттику Эмгектин Баатыры (1948, 1957).

Эмгек жолун 1929-жылы Сокулук р­айонундагы Калинин атындагы кол­хоздо баштаган. Көп өтпөй звено башчылыгына көтө­рүлүп, беш жүзчүлөрдүн бүт­күл союздук социалисттик мелдеши­не катышып, кант кызыл­часынан жогорку түшүм жыйнап алууга жетишкен. 1947-жылы 15 га жердеги кы­зылчанын ар гектарынан 971,5 цден түшүм алган. 1949-жылы Калинин атындагы колхоздун башкармасы болуп шайланган. Анын жетекчилигинде кол­хоздун экономикасы кыйла чыңдалган. 1952- жылдан Сокулук районундагы «Дружба» колхозу­нун звено башчылыгына өткөн. Ал жетектеген звено ар гектарынан эң жогорку түшүм – 1000– 1100 цден кант кызылчасын жыйнап алган. 1937– 54-жылдарда СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ор­дендери м-н сыйланган. 1958-жылдан ардактуу эс алууга чыккан. Кайназарованын мамлекеттик мемори­ал музейи (1958-жылы уюшулган) бар. 1974-жылы ал­дыңкы кызылчачыларга З. Кайназарова атындагы сыйлык белгиленген. Бишкек шаарындагы Эркиндик проспектисинде, Белек айылында, Сокулук р­айонунун борборунда бюсту орнотулган. Бишкектин бир көчөсүнө аты берилген.

Ад.: Чөкүшев Б. Советтик Кыргызстандын даңктуу адамдары. Ф., 1970; Элдин сыймыктуу кыздары. Ф., 1975.