КАМЫШ-БАШЫ (Токтогул районундагы кыштак)
КАМЫШ-БАШЫ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 965 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш- Көмүр темир жол бекетинен 200 км. Калкы 1330 (2007); негизинен мал багат.