КАМЧАДАЛДАР
КАМЧАДАЛДАР – Камчатканын жергиликтүү калкы. Саны 2,3 миң киши, анын ичинде 1,9 миңи Камчаткада, 314ү Магадан облусунда, 132си Коряк автономия округунда жашашат (2002). Орус тилинде сүйлөшөт. Камчадалдар 18–19-кылымдарда Камчатка жарым аралына көчүп келген орустар м-н аралашып кеткен Камчатка ж-а Магадан облустарынын жергиликтүү калкынын (ительмендер) тукумдары. Камчадалдар балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесиптенишип, багыш өстүрүшөт. Тамак-ашы – негизинен балык азыктары. Камчадалдардын салттуу маданиятыты ительмендердикине жакын. Улуттук майрамы – Алхалалай.