КАМПУ-ГРАНДИ
КА́МПУ-ГРА́НДИ – Бразилиядагы шаар. Моту-Гросу штатынын административдик борбору. Калкы 962,8 миң (2025). Кампу-Гранди аркылуу федерациялык үч автотрасса (Парагвай, Боливия ж-а Уругвайдын чек арасы аркылуу) өтөт. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы негизделген. Носа-Сеньора-да-Абадия собору, Сан-Бенедиту чиркөөсү, ратуша ж-а университеттер (анын ичинде католик, федерация ж. б.), музейлер бар. Тамак-аш (эт ж-а аны тоңдуруп сактоо), курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Шаарга жакын эл аралык маанидеги автодром ж-а картодром бар. Кампу-Грандиден Пантаналга (коргоого алынган табигый аймак; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир нече туристтик маршрут кетет.