КАМПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПА – дан эгиндери же башка азык-түлүк, буюм-тайым сакталуучу атайын имарат. Кампанын ичи бир нече бөлмөлөргө бөлүнүп, анда буудай, арпа, жүгөрү жана башка эгин өзүнчө сакталат. Көбүнчө дан эгиндеринин бир түрү (буудай же арпа жана башкалар) сакталуучу кампалар (ичи бөлүнбөгөн) көп пайда­ланылат. Кампаларда айыл чарба шаймандары, химикаттар да өзүнчө сакталат. Азыр «кампа» түшүнүгү кеңе­йип, сакталуучу азык-түлүк түрүнө жараша дан сактагыч, картөшкө сактагыч, жашылча сак­тагычтар жана башкалар пайда болду.