КАМЕРУН (Борбордук Африкадагы мамлекет)
КАМЕРУ́Н , К а м е р у н Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Африкадагы мамлекет.

Түндүк-батышынан Нигерия, түндүк-чыгышынан Чад, чыгышынан Борбордук Африка Республикасы, түштүгүнөн Конго Республикасы, Габон, Экватордук Гвинея өлкөлөрү м-н чектешет. Батышынан Бонни булуңу (Атлантика океанындагы Гвинея булуңунун бир бөлүгү) м-н чулганат; жээк сызыгынын узундугу 402 км. Аянты 465 миң км2. Калкы 30,9 млн (2025). Борбору – Яунде. Расмий тилдери – француз ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – КФА франкы. Административдик- аймактык жактан 10 провинцияга бөлүнөт (к. таблицаны).
Камерун – БУУга (1960), Африка союзуна (1963), ЭВФке (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995), Шериктештикке (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү. Камерун – унитардык мамлекет. Камерундун Конституциясы 1972-жылы 2-июнда
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) | |||
| Провинция | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Адм. борбору |
| Адамава | 63,7 | 897 | Нгаундере |
| Батыш | 13,9 | 2427,0 | Бафусам |
| Борбордук | 68,9 | 2991,8 | Яунде |
| Жээк | 20,2 | 2454,1 | Дуала |
| Түндүк | 65,6 | 1509,5 | Гаруа |
| Түндүк-Батыш | 17,8 | 2241,3 | Баменда |
| Түштүк | 47,1 | 677,1 | Эболова |
| Түштүк-Батыш | 24,5 | 1518,0 | Буэа |
| Четки түндүк | 34,2 | 3361,5 | Маруа |
| Чыгыш | 109,0 | 936,9 | Бертуа |
референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Ал куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат ж-а премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, сотторду, провинция губернаторлорун дайындайт.
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улуттук чогулуш (180 депутаттан турат, 5 жылга шайланат). Жогорку палатасы – сенат (100 сенатордун 30ун президент дайындайт, 70и кыйыр шайлоо жолу м-н шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген өкмөт. Өкмөт кабинетинин мүчөлөрү Премьер-министрдин сунушу м-н президент тарабынан дайындалат. Өкмөт парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Камерунда көп партиялуу система орун алган. Негизги партиялары: Камерун элинин демократиялык биримдиги (КЭДБ), социал-демократиялык фронт (СДФ), прогресс ж-а демократия үчүн улуттук союз, Камерун демократиялык союзу.
Табияты. Бонни булуңун жээктей жазылыгы 130 кмге жеткен аккумуляциялык ойдуң созулуп жатат; ал Камерун жанар тоо массиви (бийиктиги 4100 м, өлкөнүн эң бийик жери) м-н бөлүнгөн. Ойдуңдан Камерундун басымдуу бөлүгүн ээлеген денудациялык цоколдук бөксө тоо тепкичтенип көтөрүлөт. Түштүк бөлүгүнө (Түштүк Камерун бөксө тоосу) бир аз күдүрлүү рельеф мүнөздүү, орточо бийиктиги 600–900 м. Борбордук бөлүгүндө бийиктиги 2460 мге жеткен Адамава тоолору (Чабаль-Мбабо чокусу) жайгашкан; ал тектоникалык жаракалар м-н чектешип, жаш лава катмалары ж-а өчкөн жанар тоолордун конустары м-н та-

таалданган; анын түндүгүндө жапыз (орточо бийиктиги 800–1000 м) Мандара тоолору жатат. Адамава ж-а Мандара тоолорунун аралыгында катмарланган көтөрүңкү түздүк жайгашкан; ал аркылуу Бенуэ дарыясы агат. Өлкөнүн четки түндүгүн Чад ойдуңунун көл-аллювийлүү жайпак түздүгү ээлейт. Анын бийиктиги 300 мдей, жамгырлуу сезондо суу каптап калат. Камерундун басымдуу бөлүгү
Африка платформасынын калканында жайгашкан. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү табигый газ (негизинен шельфтен казылып алынат), боксит, алтын, латериттик кобальт-никель-марганецтүү кенташ, темир, уран, титан ж. б. Камерундун аймагы экватордук ж-а субэкватордук климаттык алкактарда жайгашкан. Түштүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү; эң жылуу айынын (февраль же март) орточо температу

расы 24–28°С, эң суугунуку (июль же август) 22– 24°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү ички аймактарында 1500–2000 мм, жээктеринде 3000 мм; Камерун массивинин батыш ж-а түштүк-батыш капталдарында 9655 ммге чейин (Дебунжа), Африканын эң нымдуу жери. Жээгинде (Дуала шаарында) эң аз жаан-чачын декабрь–февралда, эң көп жаан-чачын (айына 800 ммге чейин) августта жаайт. Түштүк бөлүгүнүн ички аймактарына (Яунде шаары) жаан-чачындын эки жолку максимуму (март–июнь ж-а сентябрь–ноябрь) мүнөздүү. Өлкөнүн түндүк ж-а борбордук бөлүктөрүнүн климаты субэкватордук, жайы жаанчыл, кышы кургакчыл. Кургакчыл мезгилинин узактыгы түштүктөн түндүктү карай 4төн 7 айга чейин өсөт.
Айлык орточо температурасы борбордук бөлүгүндө 20–21°Сден (декабрь–январь) 22–24°Сге (апрель–май), түздүктөрүндө ирети м-н 26°Сден 32–36°Сге чейин. Жаан-чачындын өлчөмү Чад көлүнүн тегерегинде 500 ммден аз, кээде кургакчылык да болот.
Дарыялары жыш ж-а суусу мол. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, түндүк чети ж-а түндүк-чыгышы ички суу алаптарына кирет. Бонни булуңуна Камерундун түштүк-батыш ж-а борбордук бөлүктөрү аркылуу Санага, Ньонг, Нтем, Вури ж. б. дарыялар агат. Түштүк-чыгыш бөлүгүнүн суулары Санга дарыясынын түзүмүнө (Конгонун алабы) кирет. Адамава тоолорунан башталган Бенуэ дарыясы Конгонун негизги куймасы болуп саналат. Логон, Шари, Дорма дарыялары Чад көлүнө куят. ГЭСтер, суу сактагычтар бар.
Түштүк бөлүгүнө кызыл-сары ферралит, борбордук бөлүгүнө кызыл ферралит ж-а феррозем топурактары мүнөздүү. Чад көлүнүн ойдуңунда гидроморфтуу ж-а шор топурактар басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 1/2 бөлүгүн токой ж-а сейрек токой ээлейт. Түштүк Камерун бөксө тоосунда нымдуу, дайыма жашыл экватор токою таралган; анда акажу, азобе – темир дарак, эбен дарагы ж. б. баалуу дарактар арбын. Камерун массивинин капталдарына дайыма жашыл токой, 3000 м бийиктен жогору тоо шалбаасы мүнөздүү.
Өлкөнүн борбордук бөлүгүн жалбырагын күбүүчү дайыма жашыл токой, сейрек токой ж-а саванна ээлейт. Бенуэ түздүгүндө накта саванна, Чад көлүнүн ойдуңунда чөлдөшкөн саванна басымдуу. Жээктей мангр токою өсөт. Өлкөнүн экологиялык негизги проблемаларынын бири – токойдун тез кыйылып жатышы; себеби андан коммерциялык жыгач даярдоо (жашыруун дагы), ошондой эле токойду кыйып, айыл чарба өсүмдүктөрүн (какао, май пальмасы, банан ж. б.) өстүрүү үчүн жер бошотуу.
Флорасынын курамында түтүктүү өсүмдүктөрдүн 9000ден ашык түрү бар; Камерун жанар тоо массивинин дайыма жашыл тоо токою ж-а өлкөнүн түштүгүндөгү дайыма жашыл нымдуу экватор токою эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 300дөн ашык (анын 42 түрү жоголуу алдында), куштардын 1000дей (18 түрү жоголуу алдында), сойлоочулардын 200дөй түрү белгилүү. Токойлору айрыкча приматтары (горилла, шимпанзе, Преусс колобусу ж. б.) м-н өзгөчөлөнөт; ошондой эле африка пили, бегемот, токой антилопалары ж. б. мекендейт. Саванналарда туяктуулар (африка жанышы, кара керик, жираф, антилопалардын түрлөрү) көп; жырткычтардан арстан, кабылан кездешет; орнитофаунасына чоң куштар (африка страусу, марабу, тоодактар) мүнөздүү. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн аянтынын 15%ин ээлейт; бирок алар расмий статус алганы м-н алардагы

өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү көп учурда жоголуу коркунучуна кабылат. Коргоого алынган эң ири аймактар: Бенуэ, Буба-Нжида, Ваза, Кампо, Фаро, Коруп улуттук парктары, Бафиа, Жа, Дуала-Эдея резерваттары. Жа фауналык резерваты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы. Камерундун калкынын көбү (74,7%и) нигер-конго тилдеринде сүйлөгөндөр: бантоид тилдериндегилер – 63,2% (анын ичинде банту, бамилеке, яунде, булу, баса, бамум, видекум ж. б.); адамава-убанги тилиндегилер – 4,1% (түндүгүндө), банги тобу – 2%ке чейин (түштүгүндө), фульбелер – 7,4% (негизинен түндүгүндө). Түндүгүндө ошондой эле чад тилдеринде (10,9%), нил-сахара тилдеринде сүйлөгөн элдер (0,7%) жашайт. Камерун креолдору 11,5%ти түзөт; ошондой эле француз (0,2%) ж. б. да бар. Калкынын табигый өсүүсү 2% (2008). Төрөлүү (1000 тургунга 35 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 12,4 адам) дээрлик 2 эсеге ашык.
Калктын курактык түзүмү: 15 жашка чейинки балдар – 41,1%, 15–64 жаштагылар – 55,7%, 6

5 жаштан өткөндөр –
3,2%. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 53 жаш (эркектердики 52, аялдардыкы 54 жаш). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 41 адам. Шаар калкы – 40%тен ашык.
Ири шаарлары: Дуала (калкы 1978,7 миң), Яунде (1676,6 миң), Гаруа (519 миң), Баменда (485,8 миң), Маруа (394,6 миң), Бафусам (347,5 миң), Нгаундере (282,5 миң), Бертуа (265,3 миң). Калкынын 40–63%и христиандар, анын 23–35%и католиктер, 17–28%и түрдүү протестант (англикандар, баптисттер, пресвитиандар), 0,2–0,5%и православныйлар ; 20–35%и мусулман-сүннөттөр; 22–40%и жергиликтүү диндерди тутунгандар.
Тарыхы. Маруа, Яунде, Окола, Ягуа аймактарынан табылган таш доорунун эстеликтери Камерунда адам эзелтен эле жашагандыгын айгинелейт. Байыркы калкы – пигмейлер. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук, аңчылык м-н кесиптенишкен. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунан Түндүк Камерун аймагында (Логона м-н Шари дарыяларынын ортосундагы аймак) сао маданияты өнүккөн. 16-кылымда бул жерде Макари, Афаде, Гульфей, Кауфе, Логон-Бирни шаар-княздыктары пайда болгон. 17- кылымда Борнуга көз каранды Мандара феодалдык султандыгы түзүлгөн. 18-кылымда негизинен Камерундун түндүк аймактарында ислам дини пайда болгон. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында көчмөн фульбелер Мандара султандыгын басып алып, Түндүк ж-а Борбордук Камерунга ламидаттардын бир катар феодалдык мусулман княздыктарын негиздеген. 18-кылымдын башында Борбордук Камерунда пайда болгон Банум (Бамум) уюмунун башчылары Камерундун түштүк аймактарына фульбелердин кирүүсүн токтоткон. 18-кылымда Банумдун түштүк-батышында Бамилеке мамлекети түзүлгөн. 1472-жылы Руя ди Сикейра жетектеген португалиялык моряктар жээкке түшүшкөн. 16-кылымдын аягында нидерланддар, 18- кылымдын башында британиялык, франциялык, германиялык соодагерлер ж-а миссионерлер Камерунга келе баштаган. Европалыктардын соода далдалчылары дуала уруулары (17-кылымдын башында Атлантика жээктерине көчүп келген) болгон. Камерундан Америкага кул, Европага пил сөөгү, пальма майы жөнөтүлүп, ордуна арак, тамеки, текстиль, от атма куралдар ж. б. алынып келген. Дуала урууларынын мамлекети европалыктар м-н жүргүзүлгөн сооданын негизинде өнүккөн. 1884-жылы герман өкмөтүнүн эмиссары Г. Нахтигаль Дуаланын уруу башчыларына 30 жылдык протекторат жөнүндөгү келишим таңуулаган. Камерундагы германиялык колониянын чек арасы Улуу Британия (1885, 1886, 1893) ж-а Франция (1885, 1894, 1911) м-н түзүлгөн келишимдер боюнча белгиленген. 1916-жылы февралда биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде Камерунду Англия-Франция армиясы басып алып, мартта өз ара бөлүшүп алган. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Германия Камерундагы өзүнүн ээликтеринен айрылган. 1922-жылы июлда Улуттар Лигасы Чыгыш Камерунду Францияга, Батышын Улуу Британияга берген. 1924-жылы Батыш Камерун британдык Нигерия колониясына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин (1946) Камерундун эки бөлүгүндө мандаттык режим БУУнун опекасындагы аймак статусу м-н алмашылган. 1940-жылдардын экинчи жарымында Чыгыш ж-а Батыш Камерунда биригүү ж-а көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алган. Аны Чыгыш Камерунда 1948-жылы негизделген Камерун элдеринин союзу (КЭС) жетектеп, Франция өкмөтүнүн ага тыюу салганына (1955) карабастан, колониялык бийликке каршы партизандык согуш жүргүзгөн. 1957-жылы француз өкмөтү Чыгыш Камерунга «опекадагы автономиялуу аймак» статусун ыйгарган. Батыш Камерунда Камерун улуттук федерациясы (1949) ж-а Камерун бириккен улуттук конгресси (1951) көз карандысыздык үчүн күрөшүп, 1953-жылы Камерун улуттук конгресси партиясына бириккен. 1954-жылы Түштүк Камерун британдык Нигерия курамындагы автономиялуу район статусуна ээ болгон. 1959-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы Чыгыш Камерунга көз карандысыздык берүү чечимин жарыялаган. 1960-жылы 1-январда Камерун Республикасы түзүлүп, БУУга мүчө болгон. Нигерия 1960-жылы октябрда көз карандысыз деп жарыялангандан кийин 1961-жылы февралда Батыш Камерунда өткөрүлгөн плебисциттин натыйжасында Түндүк Камерун Нигерия Федерациясына кошулууну, Түштүк Камерун Камерун Республикасына биригүүнү каалаган. 1961-жылы 1-октябрда курамына Камерун Республикасы (Чыгыш Камерун) ж-а Батыш Камерун кирген (мурдагы Түштүк Камерун) Камерун Федерация Республикасы (КФР) түзүлүп, Камерун союзунун (КС, 1958-ж. негизделген) лидери Ахмаду Ахижо президент ж-а федералдык өкмөттүн башчысы болгон. 1972-жылы 20-майдагы референдумда КФР Бирдиктүү Камерун Республикасы (БКР) болуп кайра түзүлгөн. 1982-жылы А. Ахижо отставкага кетип, ордуна П. Бийя келген. 1984-жылы 25-январда өлкө Камерун Республикасы деп аталган. 1990-жылы Камерунда көп партиялуу система киргизилген. Өлкөдөгү президенттик шайлоолордо (1992, 1997, 2004) П. Бийя кайрадан президент болуп шайланган.
Чарбасы. Камерун Африкадагы экономикалык өнүгүүсү турукташып калган өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет (2007). ИДПнин реалдуу өсүүсү 3,2% (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,532 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 144-орунда). ИДПнин структурасында айыл, токой ж-а балык чарбаларынын үлүшү 44,3%, тейлөө чөйрөсүнүкү 39,8%, өнөр жайыныкы 15,9%. Кен байлыктары кыйла арбын болгону м-н алар дээрлик пайдаланылбайт. Эң маанилүүсү нефть (ИДПнин 8% тейи, товардык экспорттун наркынын 30%и); ал негизинен Атлантика океанынын шельфинен сордуруп алынат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу – Лимбе шаарында (кубаттуулугу суткасына 45 баррель). 2004-жылы узундугу 1000 кмдей болгон Камерун – Чад нефть кууру иштей баштаган. Түстүү металлургиянын башкы тармагы – алюминий өнөр жайы (негизинен импорттук сырьё м-н иштейт). Түндүк-Батыш провинциясында боксит кени казып алынууда. Алюминий эритүү заводдору негизинен Гвинеянын бокситинде иштейт. 2006-жылы 87 миң т уютулган алюминий өндүрүлгөн. Чектелүү өлчөмдө алтын ж-а алмаз казылып алынат. 2005-жылы 4,09 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; керектелгени 3,4 млрд кВт.с. Иштеп жаткан электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 933 МВт, анын 77%и ГЭСке, 23%и ЖЭСке таандык. Ири ГЭСтери Санага дарыясына, ири ЖЭС Гаруа шаарына жакын курулган. Негизги индустриялуу зоналар Жээк (Дуала) ж-а Борбордук (Яунде) провинцияларында калыптанган.
Башкы өнөр жай тармактарынын бири – тамак-аш өнөр жай ишканалары айыл чарба сырьёлорун иштетет, ошондой эле суусундук, пиво, өсүмдүк (пахта, пальма, күнжүт, жер жаңгак, какао) майларын, кант, ун, чай чыгарып, балык ж-а деңиз продуктуларын иштетет. Текстиль өнөр жайы мурдатан эле өнүккөн (импорттук синтездик сырьё ж-а жергиликтүү пахта пайдаланылат). Жип ийрип-токуучу комбинат, булгаары ж-а булгаары-бут кийим, тамеки, химиялык продукцияларды, минералдык жер семирткич, самын, кир жуугуч айна чыгаруучу, каучукту алгачкы иштетүү ишканалары бар. Металл иштетүүчү, автомобиль жыйноочу, велосипед, моторлуу велосипед, тиричилик электроникасын, радиоаппаратура ж. б. чыгаруучу ишканалары иштейт.
Тропиктик баалуу дарактарды (сапеле, азобе, акажу, сипо, дусье, обече, иломбо ж. б.) даярдайт. Токойду мыйзамсыз кыюудан өлкө жылына 5,4 млн доллар зыян тартат. 2004-жылы 11 млн м3 жыгач даярдалган. Анын 60%ке жакыны экспортко, негизинен Европа Союзунун өлкөлөрүнө чыгарылат. Курулуш материалдарын даярдоочу ишканалары жергиликтүү табигый курулуш сырьёлорун (акиташ теги, чопо, мергель, гипс, кварцтуу кум) пайдаланат. Майда кол

өнөрчүлүк (жыгачты ж-а пил сөөгүн оймо-чиймелеп кооздоо, карапа өндүрүшү, саймачылык) өнүккөн.
Айыл чарбасында майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо жер өлкөнүн 13% аянтын ээлейт. Негизги экспорттук өсүмдүгү – какао (2005-жылы 180 миң т какао даны даярдалган; дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Какао эгилген жердин жалпы аянты 400 миң га. Ошондой эле бал камыш, банан, пахта, кофе, май пальмасынын экспорттук мааниси бар. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: плантейн, кассава, таро, жүгөрү, ак жүгөрү, ямс; ошондой эле жашылча, мөмө-жемиш, гевея, чай, жер жаңгак, күнжүт, тамеки ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы цеце чымынынын чагуусунан ж. б. тропиктик оорулардан пайда болгон трипаносомоз ылаңынын кеңири таралышына байланыштуу анча өнүккөн эмес. Шаарлардын чет жакаларында чочко ж-а куш чарбалары тез өнүгүүдө. 2004-жылы 5600 миң бодо мал, 4400 миң эчки, 3800 миң кой, 1350 миң чочко, 17 миң жылкы, 31 млн үй кушу болгон. Жылына 108 миң т балык кармалат.
Транспорт тармагы начар өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 50 миң км, темиир жолунуку 1 миң км; негизги магистралы – Транскамерун темир жолу (885 км) Дуала – Нгаундере шаарларын туташтырат.
Ири деңиз порттору: Дуала-Бонабери, Лимбе, Криби. Деңиз транспорту аркылуу сырткы соода жүгүнүн 95%тен ашыгы ташылат. Негизги ички деңиз жолу – Бенуэ дарыясы (жаан катуу жааганда кеме жүрүү чектелет). Өлкөдө 45 аэропорт бар; эл аралык аэропорттору Яунде, Гаруа, Дуала шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 1107 км, газ куурунуку 70 км. Экспортко нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, жыгач, какао даны, кофе, пахта чыгарат; негизги кардарлары: Испания, Италия, Франция, Түштүк Корея, Нидерланд, АКШ, Бельгия. Транспорт каражаттарын, машина ж-а жабдууларды, азык-түлүк, отун, химиялык жер семирткич, керектелчү товарларды Франция, Нигерия, Кытай, Бельгия, АКШдан сатып алат.
Маданияты. Камерунда окуу жайларын башкаруу жогорку билим берүү министрлиги, жаштарга техникалык билим берүүнүн мамлекеттик секретариаты, улуттук билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Камерунда билим берүүнүн эки системасы түзүлгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө британдык, чыгышына француздук система киргизилип, окутуу Камерундун батышында англис тилинде, чыгыш бөлүгүндө француз тилинде жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер, 7 жылдык кесиптик-техникалык лицейлер бар. 15 жаштан жогорку курактагы калктын сабаттуулугу 59,2%ды түзөт. 30дан ашык жогорку окуу жайлар (университет, институт жана жогорку мектептер) иштейт. Яунде католик университети жана башкалар, Яундеде улуттук архив (1952), улуттук китепкана (1966) жана башкалар, Яунде, Фумбан жана Жангда Камерун искусство музейлери, Бамендада эл аралык музей жана Акум (1948) китепканасы жана башкалар жайгашкан.
Камерунда 1960-жылдан француз жана англис тилдеринде өкмөттүк гезит-журналдар чыгат. 1978-жылдан «CamNews» маалымат агенттиги, 1955-жылдан радио уктуруулар, 1986-жылдан телекөрсөтүүлөр иштейт. Аны англис, француз, араб жана жергиликтүү тилдерде «Cameroon Radio Television» (CRTV) мамлекеттик компаниясы ишке ашырат.
Камерун элинин фольклору бай. Камерундун адабияты негизинен француз жана англис тилдеринде өнүккөн. 1950–1960-жылдары Камерун адабиятында Монго Бетинин, Ф. Ойононун социалдык-турмуштук чыгармалары, повесттери жана романдары, көз карандысыздык үчүн күрөш мезгилинде элдик ыр салттарынан башат алган поэзия (Хаж аль-Мукрана, Э. Эпанья-Йондо) жаралып, 21-кылымдын башында П. Монгонун, Монго Бетинин романдары кеңири белгилүү болгон. 1950–1960-жылдардын чегинде китеп басуу иши өнүгө баштаган. 1966-жылы жазуучулар жана акындар ассоциациясы түзүлгөн.
Шари жана Логон дарыяларынын жээктеринде – өлкөнүн түндүгүндө Камерун элинин байыркы архитектуралык эстеликтери сакталган. Камерунда музгу элинин жалаң чоподон тургузулган көмөргөн идиш сымал тамы башкалардыкынан өзгөчө. XIX кылымда шаарлар (Яунде жана башкалар) пайда болуп, европалык типтеги имараттар курулган.
Жыгачка оюу түшүрүү, карапа жасоо, коло куюу, сайма өнөрү кеңири тараган. Улуттук искусствонун гүлдөшүнө орчундуу салым кошкон живописчилер менен айкелчилер: Абоссоло, Кенфак, Мпандо, кийинчерээк Момбе Массанга, Г. Муафо, Исам Канко жана башкалар Камерун элдеринде (фульбе, хаус, пигмей жана башкалар) байыртадан салттуу музыка маданияты болуп, өлкөнүн түндүк-чыгыш райондорунда сакталып калган. Алар флейта, барабан, труба сыяктуу жана башка музыкалык аспаптарды колдонушкан. XIX кылымдын аягынан Дуала, Яунде шаарларында маданият калыптана баштап, батыш тибиндеги бий оркестрлери (аккордеон, гитара, банжо, саксофон, контрабас) жана аскер үйлөмө аспап оркестрлери пайда болгон. XX кылымдын ортосунда Камерундун бий жана музыкасына латын америкалык маданияттын таасири тийген. XIX кылымдын аягында Камерун салттуу музыкасын изилдөө (немис жана француз музыка таануучулары, камерундук музыка таануучу Э. Мохаммаду, австриялык окумуштуу Г. Кубик) иштери жүргүзүлгөн. 1972-жылы Камерун композиторлор жана музыканттар уюму негизделип, салттуу музыка фестивалдары өткөрүлөт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында француз миссионерлеринин таасири менен Камерун драматургиясы өнүгө баштаган: Ф. Тонго Дибунду, К. Кведи, А. Ндумбе Мусинги жана башкалардын пьесалары дин майрамдарында көрүүчүлөргө тартууланган. 1955-жылы Яундеде С. Авон жетектеген Камерун жаш артисттеринин ассоциациясы түзүлүп, «Эбутанын үйлөнүшү», «Жумушсуз» пьесалары коюлган. 1961-жылы Дуалада Камерун элдик театры (жетекчиси Боэ-а-Аманга), 1974-жылы улуттук театр негизделген. 1970–2000-жылдардагы Камерун белгилүү драматургдары: П. Ндеди Пенда, П. Ассенг, П. Монго, Ж. Дохо, В. Эпи Нгоме, режиссёрлору: Э. Кеки Маньо, А. Банг. Учурда Дуалада «Жашыл театр», Э. Пендин «Көчмө театры», «Дуал арт» маданий борбору иштейт. 1960-жылга чейин Камерунда чет элдик режиссёрлор (анын ичинде француз режиссёру Ж. Ж. Жене) кино тартышкан. Камерун кинематографтарынын этнографиялык мүнөздөгү алгачкы иштери – Т. Сити-Белланын «Ошол жакта Парижде» (1963), Ж. П. Нгассанын «Бамбиликенин чоң үйү» (1966) жана башкалар. Маалымат министрлигинин алдында кино иштери боюнча бөлүм (1966) жана кино өндүрүштүн финансылык фонду (1973) түзүлгөндөн Камерун улуттук кино искусствосу өнүгө баштаган. Көптөгөн кинематографисттер чет өлкөдөн (Франция жана башкалар) атайын билим алышкан. Белгилүү кино режиссёрлору: Ж. П. Диконг-Пипа, Д. Камва, Ж. П. Беколо жана башкалар.


Ад.: Африка. Энциклопедический справочник. Т. 1. М., 1986; Многоликий мир африканского кино. М., 1993; Соколов А. Г. Республика Камерун. Справочник. М., 1996; 1000 футболистов. М., 2007; Камерун // Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.