КАМЕРТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕРТО́Н (немисче kammer – бөлмө, тон – до­буш) – дирилдек учтары добуш чыгара турган ийме жаактуу металл. Камертон музыкалык аспаптарды күүгө келтирүүдө жана ырдоодо үн бийикти­гинин эталону катары кызмат кылат.

Камертон көбүнчө 1-октаванын «ля» нота­сында колдонулат. Ырчылар менен хор дирижёрлору 2-октаванын «до» нота­сында да пайдаланышат. 1858-жылы Па­риж ИА 435 гц жыштык камертонду сунуш кылган. 1885-жылы Венада өткөн эл ара­лык конференцияда бул жыштык добуш­тун эл аралык эталону катары кабыл алынган. Кыргызстанда 1936-жылдын 1- январынан камертондун 440 гц жыштыкта­гы үлгүсү колдонулат.