КАМБИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МБИЙ – өсүмдүк сабагы м-н тамырын түзүүчү ткандын (меристеманын) бир түрү. Ал сабактын ж-а тамырдын кабыгы м-н жыгачынын аралы­гында же өткөргүч боочолордун флоэмасы м-н ксилемасынын ортосунда жайгашкан. Камбий клет­каларынын бөлүнүп көбөйүшүнөн орган жоо­ноёт (туурасынан өсөт). Ал ич жакка 2-ксиле­манын, сырт жакка 2-флоэманын клеткаларын пайда кылып турат. Мелүүн алкакта камбий кеч күз­дөн жазга чейин тыным абалында болот.