КАМАН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАН МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосу­нун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги мөңгү, Кызыл-Суунун алабында. Узундугу 12 км, аянты 27 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6700 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4300 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун сол куймасы Каман-Суу башталат.