КАМАГУЭЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАГУЭ́Й – Кубадагы шаар. Камагуэй про­винциясынын административдик борбору. Атибонико дарыясынын өрөөнүндө, Гаванадан түштүк-чыгышта жайгаш­кан. Калкы 309,5 миң (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Гавана, Сантьяго-де-Ку­бадан кийин). Эл аралык аэропорту бар. 1514-жылы Кубанын губернатору Веласкес де Куэ­льяр тарабынан негизделген. 1817-жылдан шаар статусуна ээ. 1903-жылдан азыркыдай аталат. Чиркөөлөр, ак сарайлар, театрлар, бир нече ири аянттар сакталган. Илимий-изилдөө мекемелер (анын ичинде ин­форматика ж-а технология башкармалыгы), айлана-чөйрөнү изилдөө борборлору, университетт, ки­тепкана, архив, край таануу музейи, сүрөт галереясы бар. Шаардын өнөр жай ишканалары негизинен айыл чарба продуктуларын белендөөгө адистешкен. Сүт өндүрүү боюнча өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт (жылына 70 млн л). Пиво ж-а суусундуктар­ды куюу өндүрүшү (Кубадагы эң ири), курулуш материалдар, минералдык жер семирткичтер ж-а ре­зинадан буюм жасоочу өнөр жай ишканалары иш­тейт.